ru24.pro
World News in Kyrgyz
Июль
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Британиядагы шайлоодо лейбористтер жеңди

0
Британиядагы шайлоодо лейбористтер жеңди

Улуу Британияда парламенттик шайлоодо Лейбористтер партиясы ишенимдүү жеңишке жетишип, өкмөттү башкаруу укугун алды. Муну менен Консерваторлор партиясынын 14 жылдык башкаруусу аяктады. Саналуу округдарда добуштарды эсептөө уланууда. Соңку маалымат боюнча лейбористтер Өкүлдөр палатасындагы 650 орундун кеминде 412син ээлей турган болуп жатат. Буга чейин 345 депутаттык орунду ээлеп келген консерваторлорго 121 орун тиери айтылууда.