Иран менен Франция туткундарды айырбаштады
Иран өткөн жылдан бери Тегеранда камакта отурган франциялык изилдөөчүнү Францияда кармалып турган ирандык инженерге айырбаштады.
Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлашты. IRIB телеканалы 20-мартта билдиргендей, Францияда 2019-жылы АКШнын өтүнүчү менен камалган Жалал Рохоллахнеджад бошотулду. Андан бир нече саат өтпөй франциялык академик Ролан Маршал Тегерандагы Франциянын элчилигине жеткирилди.
Кошмо Штаттар Рохоллахнежадды Вашингтондун санкцияларын көзгө илбей Иранга өндүрүш жабдыктарын экспорттогон деп шек санап жатат.
Ал эми По илимий изилдөөчө университетинин кызматкери Маршал 2019-жылы Иранда кесиптеши Фариба Абделхан менен кошо кармалган. Франция алардын бошотулушун көптөн бери талап кылып келген.