ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Новости за 03.12.2024

Укук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун камалышын сынга алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышын кескин сындаган билдирүү таратты. Анда бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүп турганы жазылган. Билдирүү ээлери Самат Матцаков жөн гана адвокат эместигин, өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын... Читать дальше...

Сузакта тарбиячынын балага кол көтөргөнү тартылган тасма боюнча териштирүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тарабынан райондун Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөрүлгөн учур тартылган тасмалар боюнча териштирүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Аталган тасма боюнча Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат таратып, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан балага кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, кызматтык иликтөө иштери башталды. Читать дальше...

Тбилисиде демонстранттар Чавчавдзе проспектисинн бууганы кабарланды

Azattyk.org 

Грузиянын борборунда бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары 3-декабрга караган түнү Руставели аянтынан мамлекеттик университет тарапка жылышты. Алар аянттан кетип, Чавчавадзе проспектисин бууй турганын журналисттерге билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды. Алар кеткенден кийин муниципалдык кызматтар Руставели проспектисинде коюлган баррикадаларды жыйнай башташкан. Митингчилердин соңунан полиция дагы Чавчавадзе көчөсүнө барган кезде митингчилер жолду бууп калышканы кабарланды. Читать дальше...

Баткенде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн үч облустун өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурду. Иш-чарага министрликтин, кайра иштетүү, өнөр жайынын өкүлдөрү менен Ош, Нарын, Баткен облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында тажрыйба, чечимдери менен бөлүшүп, Баткендеги долбоорлор менен таанышып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту... Читать дальше...

Аскердеги чоңсунуу: Таяктан бөйрөгү ооруган Эрик ооруканага түштү

Azattyk.org 

Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтышууда.