ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Новости за 02.12.2024

Бишкекте “Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты. Ошондой эле жеңилдетүү берилген кардарларга компания эмес, айдоочулар акча кошуп жатканын белгилешти. “Мисалы, айдоочу бир айда 120 миң сом тапса, анын 26 миң сомун “Яндекс“, 4 миң сомун таксопарктар алып жатат. Жалпы 30 миң сомун эле компания алып коет”... Читать дальше...

Өкмөт үй ээлерине көбүрөөк салык салууну сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда жер үйү 120 кв/метрден ашкандар мүлк салыгын төлөй баштайт. Ал эми батир үчүн 80 квадраттан өйдө төлөнөт. Өкмөт бул кадам бюджетке кошумча киреше алып келерин билдирүүдө.

Садыр Жапаров расмий сапары менен Түштүк Кореяга кетти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 2-декабрда Түштүк Кореяга расмий сапар менен кетти. Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, сапар Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен уюштурулган. Сапардын жүрүшүндө Жапаров Юн Сок Ёл жана Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын (парламенти) төрагасы У Вон Шик менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт. “Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат”... Читать дальше...

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы алгачкы отурумуна чогулду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланып келген депутаттары 2-декабрда алгачкы отурумуна чогулушту. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырды. Депутаттар ант беришти. Регламент боюнча, шаардык кеңештин алгачкы отурумун жашы улуу депутат ачып, төрага шайланганга чейин башкарат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибине кеңештин төрагасын, орун басарын шайлоо, фракцияларды каттап, алардын лидерлерин бекитүү, туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жана шаардык... Читать дальше...

Трамп Байдендин өз уулуна ырайым бергенин сынга алды

Azattyk.org 

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин өз уулу Хантер Байденге ырайым беришин сындап, "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана сот адилеттигин бузуу" деп атады. "Жо Байдендин уулу Хантер Байденге берген ырайымы 6-январда кармалып, бир нече жылдан бери камалып тургандарга (2021-жылы Капитолийге кирип баргандар - ред) да берилет бекен? Бул кызмат абалынан пайдалануу жана сот адилеттигин бузууга жатат", - деп жазды Трамп Truth социалдык түйүнүндөгү баракчасына. Президент... Читать дальше...

Сот "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 2-декабрда "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрдагы чечими менен "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын... Читать дальше...

"Комиссиясы кымбат". УКМК "Яндекс.Таксини" тинтти, айдоочулар нааразылыкка чыкты

Azattyk.org 

“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.

Экс-депутат Исаев кармалышын саясат менен байланыштырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырды. Бул тууралуу ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна ага 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча сотко алынып келген учурда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Читать дальше...

Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 2-декабрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карады. Жыйынтыгында Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды. Райондук соттун 15-ноябрдагы чечими менен "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган. Бишкек шаардык... Читать дальше...

УКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн долбоору ЖКга түштү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, документ 29-ноябрда каттоодон өттү. Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери... Читать дальше...

Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир киши каза тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары отурган автоунаа жол кырсыгына кабылды. Окуя 1-декабрь күнү Ершов-Озинки жолунда катталган. Кыргызстандын 8 жараны кетип бараткан Toyota Sienna автоунаасы түнкү 02:20 чамасында жолдон четке чыгып кетип, аңтарылып калганын "СарИнформ" басылмасы полициядагы булактарына таянып билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен 27 жаштагы адам каза болгон, 5 адам, арасында айдоочу дагы түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы тууралуу Кыргызстандын... Читать дальше...

Өзбекстанда орусиялык журналист Алексей Пивоваров кармалып, кое берилди

Azattyk.org 

Жекшембиде Өзбекстанда "Редакция" ютуб-каналынын негиздөөчүсү, орусиялык журналист Алексей Пивоваров жана жергиликтүү Hook.report басылмасынын журналисти Фарида Мехсетова кармалды. Алар Өзбекстан тууралуу даректүү тасма тартып жатышкан. Алардын кармалганы тууралуу hook.report сайты маалымдады. "Нукуста (Кара-Калпакстандын борбору - ред) бизди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери сүйлөшүүгө чакырышты. Биз өзүбүз, ишибиз, пландарыбыз тууралуу айтып бергенбиз. Кызматкерлер сылык мамиле кылып, кое беришти. Читать дальше...

УКМКнын мурдагы төрагасы Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко барды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2-декабрда Бишкектин Биринчи май раойндук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барды. Соттук жараянга кирер алдында ал 2020-жылдагы Октябрь окуясындагы жоопкерчилиги, Кой-Таш окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, “соттук отурумдан кийин комментарий берем” деп убада кылды. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь... Читать дальше...

Тбилисиде полиция демонстранттарга суу жана желим ок атканы кабарланды

Azattyk.org 

Грузиянын борбору Тбилисиде парламенттин алдына чогулган демонстранттарды полициянын атайын бөлүгү суу менен аткылады. Полиция кызматкерлери митингчилерге парламенттин короосунан таш ыргытканын да "Кавказ жаңырыгы" радиосу кабарлады. 1 - декабрда Грузия өкмөтүнүн Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2028-жылдын аягына чейин калтыруу чечимине нааразы болгондор Тбилисинин борбордук көчөлөрү Руставелини жана Коставаны тосушкан. Полиция демонстранттарды желим октор менен атканын "Азаттыктын" грузин кызматы жазды. Читать дальше...