ru24.pro
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Чукул билдирүү: катуу ысык болот

0
7-июлдан 10-июлга чейин Кыргызстандын аймагында катуу ысык болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бул күндөрү Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүгүндө абанын температурасы 40 градуска чейин жетет. Ал эми башка аймактарда 36 градуска чейин ысыйт.


Адистер күн өткөрүп албаш үчүн көчөдө көп жүрбөш керек экенин эскертишүүдө. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү дарыялардагы суу кирип, ташкындашы ыктымал экенин кабарлады. (BkA)