ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2018

Кадамжайда ири суммадагы акча уурдаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

0
2018-жылдын февраль айында Кадамжай-Айдаркен авто жолунун четиндеги унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн алдында токтоп турган автоунаадан 600 миң сомду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Автоунаа райондогу Кызыл-Булак айылынын 27 жаштагы тургунуна таандык болгон.


Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, райондук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү киши аныкталган. Ага издөө жарыяланган.


Иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Талас шаарында жашырынып жүргөн жеринен мурда тогуз жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, адам өлтүрүү жана каракчылык менен соттолгон, кылмыштан 10 күн мурун абактан чыккан, уюшулган кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү 35 жаштагы К.Н. аттуу жаранды кармашкан.


Кармоо учурунда анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча сегиз даана огу менен чыккан. Кармалган жаран акча уурдаганын толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.(MdN)