Ташиев милицияда беш сааттай сурак берди
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинде сурак берди. Ал бир ай мурда кызматынан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Мындан кийин анын бир топ тарапташтары иштен алынып, сегиз депутат мандатын тапшырган. Мурдараак "75 кишинин катына" байланыштуу кылмыш иши козголгон, аз күн алдын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы күмөндүү фактылар боюнча иш ачылды. Саясатчы мына ушул иштерге байланыштуу сурак бергени кабарланды.
