Өзбекстанда жазасын өтөп жаткан аялдар кесипке ээ болуу үчүн аралыктан окуй алышат
Өзбекстанда абакта жазасын өтөп жаткан аялдарга кесипке ээ болуу үчүн окуу жайларына аралыктан тапшырып, окуусуна шарт түзүлөт. Бул тууралуу өлкө башчысы Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөн салтанатта сүйлөгөн сөзүндө айтканын Gazeta.uz агенттиги жазды.
Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, ушу тапта өлкөдөгү абак жайларда 2589 аял жазасын өтөп жатат. Алардын 1239у орто билимдүү, бирок кесипке ээ эмес. 443 аял жогорку окуу жайларында окугусу келерин билдирген. Алардын социалдык реабилитациясы үчүн атайын "Янги хаёт" ("Жаңы жашоо") деп аталган программа киргизилет.
"Бул аялдар түрдүү жагдайларда, билбестиктен кылмыш кылгандар да өлкө жарандары. Биз алардын социалдык реабилитациясы - коомдун толук кандуу мүчөсүнө айланышы жөнүндө олуттуу ойлонууга тийишпиз", - деди Мирзиёев.
Соттолгон аялдар үчүн жогорку окуу жайларына аралыктан тапшырып, сынак берүүсүнө жана окуусуна шарт түзүлөт. Президент келишим акы боюнча окууга өткөн аялдарга үстөк пайызсыз насыя берилерин, аны соттолгон аялдар түрмөдөн чыгып, ишке орношкондон кийин төлөп беришерин кошумчалады.
