ru24.pro
World News
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Журналист Тажибек кызы абактан кат жазып, тилектеш адамдарга ыраазычылык билдирди

0

Журналист, Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын абактан жазган каты жарыяланды. Адковаты Асел Аргымбаева аркылуу коомчулукка жолдогон кайрылуусунда ал абакта жатканына эки жыл толгонун белгилеп, бул убакытта ар кандай соттолгондор жана абак кызматкерлери жасаган интригаларды, орой мамилени көргөнүн жазган.

“Бирок мен сынбашка бар күчүмдү жумшадым, умтулдум жана аракет кылдым. Өзүмдү жалгыз жана керексиз сезген күндөрүм болду. Мындай учурда сиздердин каттарыңыздар жана тилектериңиздер мага кайрат берип, алдыга жылууга ишеним пайда кылды. Сиздер мен үчүн өзүмдү колго алып, алдыга сүрөгөн күч болдуңуздар”, - деп жазган Тажибек кызы.

Ал абактагы эки жыл чоң тажрыйба болгонун жана адамдар менен тил табышып, ар кандай кырдаалда жашап кеткенге көнгөнүн да жазган. Жабык жайда аны колдогон “ак ниет адамдар бар” экенин, ал жакта сүрөт тартканды, комуз черткенди жана ырдаганды өздөштүргөнүн белгилеген.

Жакын туугандарына жана өзүнө тилектештик билдиргендерге жана абакка “жолдомо алып бергендерге да” ыраазчылыгын билдирген.

18-февралда жазылган кат социалдык тармактарга 4-мартта жарыяланды.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУнун чечимине байланыштуу анын адвокаты ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Кийинки отурум 10-мартка белгиленген.

Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Махабат Тажибек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. Ал соттолуп, өлкөдөн күч менен чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы.

Прокурорлордун өтүнүчү менен былтыр 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан. Иш жүзүндө алардын сайттарынын жана баракчаларынын ишине толук тыюу салынган.