ru24.pro
World News
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Британияда падышанын иниси, мурдагы ханзаада Эндрю кармалды

0

Британияда падышанын иниси, мурдагы ханзаада Эндрю Маунтбеттен-Виндзорду 19-февралда полиция кармап кетти. Ал америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен болгон байланышы боюнча тергөөнүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Би-би-си жана The Telegraph басылмалары жазышты.

19-февраль анын туулган күнү, мурдагы ханзаада 66 жашка толду.

Полициянын билдирүүсүндө кармалган адамдын аты аталган эмес, болгону «60 жаштардагы эркек киши» экени айтылган. Ошондой эле «Беркшир жана Норфолк аймактарындагы даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп жатканы» белгиленген.

Буга чейин монархияга каршы көз караштагы Republic уюму полицияга кайрылып, бир кезде соода өкүлү болуп иштеген экс-принц Эндрюга карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана мамлекеттик сырды бузуу шеги боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранган.

Жеффри Эпштейндин иши боюнча документтерден Эндрю америкалык финансистке Сингапур, Гонконг жана Вьетнамга сапарлары тууралуу отчетторду, ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча купуя маалыматтарды берип турганы көрүнгөн.

Эндрю буга чейин өзүнө коюлган бардык айыптоолорду бир нече жолу четке каккан.

Буга чейин премьер-министр Кир Стармер BBC Breakfast программасында мурдагы ханзаадага байланыштуу кырдаал тууралуу сөз кылып жатып, «эч ким мыйзамдан жогору турбайт» деген принцип «өтө маанилүү» экенин белгилеген.

2021-жылы Виржиния Жуффре аттуу америкалык жаран Эндрюну сексуалдык зордуктоого айыптап, арыз жазган. Ал Эпштейн аны таасирдүү адамдар менен жыныстык катнашка мажбурлаганын, алардын арасында принц Эндрю да болгонун билдирген. Жуффре кийин өз өмүрүнө кол салган. Британияда анын көзү өткөндөн кийин жазылган мемуарлары жарыяланган. 2025-жылдын күзүндө падыша Чарльз III Эпштейн менен болгон байланышы үчүн инисин ханзаада макамынан ажыраткан. Эндрю ошондой эле Йорк герцогу наамынан баш тарткан.

2022-жылы ал падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү катары милдеттерин аткарууну токтотуп, сегиз ардактуу аскердик наамынан баш тарткан.