УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-жетекчиси Жакыпбеков эки айга камалды
16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15- апрелге чейин камалды.
Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылууда. Жакыпбековдун жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек
Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал укук коргоо органынын эки кызматкеринин коштоосунда отурган сүрөтү тараган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Жакыпбековдун кармалганын 16-февралда ырастаган.
Элдар Жакыпбеков буга чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Анын өмүр таржымалы тууралуу ачык булактарда маалымат аз.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындаган.
Бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн артынан эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы алмашып, Элдар Жакыпбековдун ордуна Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов келгени айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек.
