ИИМ былтыр жүздөн ашуун өспүрүм жанын кыйганын билдирди
2025-жылдын он эки айында Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында ички иштер миинстринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын сөзүнө караганда, суицидге барган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда катталган. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында -18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте - 12, Ош шаарында 3 өспүрүм өз жанын кыйган.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы аныкталган. Эркек балдар 66,3% түзсө, өз өмүрүнө кол салган кыздар 33,7 пайызды түзөт.
Урманбетов жашы жете электер арасындагы зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин жана башка коркунучтарды алдын алуунун маанилүүлүгүн, мектептерде киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча туруктуу иштөө зарылчылыгын айтты. Министрдин орун басары бүгүнкү күндө жаш балдар менен байланышкан жагымсыз окуялар көбүнчө медиа каражаттарына чыкканда реакция жаратып жатканын да белгиледи.
"Коркунучту жашырып коюу - келечекте чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ошондуктан кайсы мектепте кылмыш же укук бузуу фактысы катталбасын, аны жашырбай ачык айтуу зарыл. Бул жерде жеке жоопкерчиликти эмес, улуттун келечегин ойлошубуз маанилүү".
Октябрь Урманбетов "Көйгөйсүз мектеп" жана "Коопсуз бала" программаларын ишке киргизүү менен билим берүү чөйрөсүн коопсуз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы балдардын өз жанын кыйган 87 учуру катталган.
Милиция суицидге барган балдардын көпчүлүгү ата-энелери миграцияда жүргөндөр экенин билдирип келет. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун айтып чыгышкан.(ZKo)
