ru24.pro
World News
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргызстан Сауд Арабиядан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алат

0

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептердин курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан насыя алуу тууралуу мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 29-январда кабыл алган.

Ага ылайык, насыяга алынган каражатка Бишкекте беш жаңы мектеп, жети билим берүү мекемелерине кошумча корпус салынып, Чүй облусуна 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталган эки жаңы мектеп курулат.

Насыя 25 жылга алынат жана баштапкы беш жылда жеңилдик каралып, 1,5% чен менен берилет.

Буга чейин курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев Бишкек шаарына жок эле дегенде 1000 орундуу 73 мектеп керек экенин, аймактык-административдик реформанын алкагында шаардын аймагы кеңейип мектеп жетишсиздиги дагы күчөгөнүн айткан.

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан буга чейин да 30 миллион доллар насыя алып, ага 28 мектеп, эки бала бакча салган. (BTo)