Ирандын кемелери Ормуз кысыгында АКШнын танкерин кармоого аракет кылышты
Ирандын куралданган алты кемеси 3-февралдын таңында АКШ желегинин алдында бара жаткан "Стена Императив" танкерин курчоого алышкан. Танкер Омандан Ормуз кысыгы аркылуу түндүк тарапты көздөй сүзүп бара жаткан. Бул тууралуу Reuters жана The Wall Street Journal өз булактарына шилтеме кылып маалымдашты.
Ирандын аскерлери танкер экипажынан кыймылдаткычты өчүрүп, кемеге өтүүгө даярданууну талап кылган. Бирок танкер ылдамдыгын көбөйтүп, андан ары сүзүп кеткен. Кийинчерээк танкерди америкалык аскер кемеси коштоого алган.
Fars агенттиги аткаминерлерге шилтеме кылып, танкер Ирандын суу аймагына кирип барганын, эскертүүлөрдөн кийин "коопсуздукка байланышкан эч кандай өзгөчө окуясыз" чыгып кеткенин жазды. Ошол эле учурда Reuters танкер Ирандын аймагына кирбегенин белгилөөдө.
Bloomberg басылмасы ошол эле күнү эртең менен америкалык F-35C истребители Аравия деңизинде Ирандын учкучсуз учагын "Авраам Линкольн" лайнерине жакын жерден атып түшүргөнүн жазды. АКШнын Борбордук командачылыгы дрон коргонуу максатында жок кылынганын билдирди.
Бул окуялар АКШ менен Ирандын ортосундагы өзөктүк программа боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө даярдык көрүлүп жаткан учурда болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, сүйлөшүү 6-февралда Стамбулда өтөт. Жолугушууга Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф катышат. Axios агенттиги Тегеран жолугушууну Оманга которууну талап кылып жатканын маалымдады.
Мурдараак Вашингтон Иранга сокку уруларын жокко чыгарган эмес, бирок 31-январда президент Дональд Трамп Тегеран Вашингтон менен "олуттуу сүйлөшүүлөрдү" жүргүзүп жатканын, кийинки кадамдар тууралуу чечимди алардын жыйынтыгына жараша кабыл аларын билдирген.
