ru24.pro
World News
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Орусияда саясий куугунтукка кабылгандарды коргогон адвокат аэропорттон кармалды

0

Орусиялык адвокат, саясий куугунтукка алынган адамдарды жактап, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон Олег Степанов 31-январда Сочи аэропортунан кармалды. Юрист акыркы бир нече жылдан бери жашап жүргөн Сербиядан кайтып келген.
Ага "полиция кызматкерине баш ийбөө" тууралуу протокол түзүлүп, камакка алынганын "Первый отдел" деп аталган укук коргоочу долбоор маалымдады.

"Аэропортто "полиция кызматкерине баш ийбөө" же "майда ээнбаштык" менен кармоо айлампа камоого мүнөздүү практика. Күч кызматкерлери жаранды атайын кабыл алынуучу жайда кармап туруу үчүн бир нече жолу катары менен административдик протокол түзүшөт. Камалып турган учурда ага олуттуу берене менен, мисалы, тыңчылыкка, чыккынчылыкка же жагымсыз уюм менен кызматташууга шектеп, иш даярдалат.", – деп жазылган маалыматта.
Орусиядан чыгып кеткенге чейин Олег Степанов соттордо саясий беренелер менен айыпталган жарандарды: "Голос" кыймылынын мурдагы координатору Наталья Гусеваны жактаган. Шайлоолордогу мыйзам бузууларга мониторинг жүргүзгөн бул кыймыл Орусияда "жагымсыз уюм" деп табылган. Кыймылдын теңтөрагасы Григорий Мельконьянц бул уюмду уюштурганы үчүн беш жылга эркиндигинен ажыратылган.

2025-жылдын башында Степанов кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу Орусиядан кетүүгө мажбур болгонун билдирген жана адвокаттык ишмердүүлүгүн токтотуп, Сербияга кеткен.