ru24.pro
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Стамбулда өзбекстандык кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

0

Түркиянын Стамбул шаарынын Шишли районунда 24-январда өзбекстандык кыздын сөөгү табылды.

Түрк маалымат каражаттары башы алынган сөөктү кечки саат 19:40 чамасында таштанды иргеген жергиликтүү тургун таап алып, укук коргоо органдарына кабар бергенин жазышты.

Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Телеграм каналында түрк укук коргоо органдары менен биргелешкен иштин, соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында маркумдун тек-жайы аныкталганын билдирди.

Консулдуктун маалыматына караганда, кылмышка шектелип Өзбекстандын эки жараны кармалган. Алар Түркиядан Грузияга учуп кетүүнү көздөп жаткан маалга колго түшкөн.

Дипломаттар каза тапкан кыздын туугандары менен байланышып, укуктук жардам берип жатканы кабарланды. Анын жашы жана башка жагдайлар тууралуу маалымат бериле элек.