ru24.pro
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

2025-жылы 19,3 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелсе, 15,4 млрд көлөм Кыргызстанда өндүрүлдү

0

2025-жылы Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саат көлөмдү түздү, анын ичинде 15,4 млрд кВт/саат энергия өлкөнүн ичинде өндүрүлдү. Бул тууралуу 23-январда Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин узаган жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Кыргызстанда чыккан электр энергиясынын 12,9 млрд кВт/сааты ири гидроэлектрстанцияларда, 0,223 млрд кВт/сааты чакан гидроэлектрстанцияларда, 0,234 млрд кВт/сааты кичи гидроэлектрстанцияларда жана күн-шамал станцияларында өндүрүлгөн. 2,01 млрд кВт/саат электр энергиясы жылуулук электр борборлорунан алынган.

3,8 млрд кВт/сааттык көлөмдөгү дефицит коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп келген.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп келет. Айрыкча кышкы керектөөдө өлкө катары менен рекорддорун жаңыртты. Мамлекет жетекчилери жана тиешелүү мекеме башчылары муну улам-улам айтып, аны чечүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирип жүрөт.

Соңку жылдары Кыргызстандын жылдык керектөөсү 15-17 миллиард кВт/саат көлөмдү түзүп келген. Ошол эле маалда өлкөдөгү станциялар 12-14 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турган. Жетпеген энергия башка өлкөлөрдөн сатылып алынып келет.

Баштапкы эсепте, 2025-жылы керектөө 18 млрд кВт/саатты түзөт деп мерчемделсе, өлкөдөгү гидроэлектр станциялар жана жылуулук электр борборлору 14,3 миллиард кВт/саат өндүрөт деп күтүлүп жаткан. (ErN)