Борбор Азия жана ЖККУ. Уюм аймак үчүн канчалык маанилүү?
27-ноябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) милдеттери жана ага мүчө өлкөлөрдүн Кремл менен мамилеси тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжанов жооп берди.
