ru24.pro
World News
Ноябрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30

Өзбекстандык шахматчы Жахонгир Синдаров Дүйнө кубогун жеңди

0

Өзбекстандык Жавохир Синдаров Индияда өткөн шахмат боюнча Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болду. 19 жаштагы гроссмейстер бул турнирдин тарыхында эң жаш чемпион болуп калды. Финалда ал кытайлык шахматчы Вэй Ини утту.

Эки финалист тең 2026-жылкы Талапкерлер турниринде ойноого жолдомо алышты.

Синдаровго жеңиши үчүн 120 миң доллар сыйлык ыйгарылды. Үчүнчү орун үчүн таймашта орусиялык Андрей Есипенко өзбекстандык Нодирбек Якуббоевди утту.

Жавохир Синдаров — дүйнөдөгү эң жаш гроссмейстерлердин бири. 2022-жылы ал Өзбекстан курамасы менен Дүйнөлүк шахмат олимпиадасын жеңген.

Анын быйылкы финалдагы атаандашы, 26 жаштагы Вэй И 2014-жылкы олимпиаданын чемпиону эле.

Дүйнө кубогу-2025 — Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) эгидасынын алдында эки жылда бир өткөрүлүүчү эң ири турнир. Жалпы байге фонду эки миллион доллар. Ал эми башкы сыйлык - 2026-жылкы Талапкерлер турнирине үч жолдомо.

2026-жылкы шахмат боюнча Талапкерлер турнири Кипрде 28-марттан 16-апрелге чейин өтөт.

Бул мелдеш дүйнөлүк чемпиондукка талапкерди аныктоочу сериянын акыркы этабы. Жеңүүчү азыркы дүйнө чемпиону, индиялык Гукеш Доммараджу менен таймашат.