Израил Бейрутка соккусунда "Хезболланын" колбашчысын жок кылганын билдирди
Израилдин армиясы 23-ноябрдын кечинде Бейруттун чет жакасына абадан сокку уруп, "Хезболла" тобунун колбашчыларынын бири Али Табтабайды жок кылганын билдирди. Табтабай штаб башчынын милдетин да убактылуу аткарып жаткан.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Сокку АКШ ортомчулугу менен өткөн жылы жетишилген ок атышууну токтотуу режимине карабастан жасалды.
"Хезболла" Табтабайдин өлүмүн ырастап, аны "улуу жихадчы колбашчы" деп атады.
Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соккудан беш адам өлүп, 28и жаракат алган. Чабуулдан көп кабаттуу имарат талкаланып, жол боюндагы автоунаалар жабыркаган.
АКШ 2016-жылы Табтабайге санкция салып, аны "Хезболланын" негизги аскер жетекчилеринин бири" деп атаган жана ал тууралуу маалымат үчүн беш миллион долларга чейин сыйлык сунуштаган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын армиясы "Хезболланын" күчүн кайра калыбына келтирүүсүнө "жол бербесин" билдирди. Ал Ливан өкмөтүн "Хезболланы куралсыздандыруу боюнча милдетин аткарууга" чакырды.
Ливан президенти Жозеф Аун эл аралык коомчулукту Израилдин чабуулдарын токтотууга көмөктөшүүгө үндөдү.
2024-жылдын ноябрындагы ок атышууну токтотуу режими "Хезболла" жана Израил ортосунда бир жылдык кагылышуудан кийин күчүнө кирген.
Бир жылдык кагылышууда Израил «Хезболланын» бир топ жетекчисин, анын ичинде ошол учурдагы лидер Хасан Насралланы да жок кылган.
