ru24.pro
World News
Ноябрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

0

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-27-ноябрь күндөрү Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталипов кабарлады.

"Бул сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат. Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда",-деп жазылган маалыматта.

Сагынбек Муталипов бул сапардын жүрүшүндө Орусиядагы кыргыз мигранттарынын соңку абалы, алар кабылган кыйынчылыктар, бул жаатта кабыл алынан чечимдер талкууланып талкууланбай турганын тактаган жок.

Ушул күндөрү Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити дагы өтөт.