"Тесттен өттүк, бирок мектепте орун жок". Орусияда окубай калган мигрант балдар
Жаңы окуу жылы башталганынан эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
