"Ар бир райондун өз борбору болот". Бишкектин жаңы башкы планынын долбоору жарыяланды
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планынын долбоорун жарыялады. 2050-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген документтин долбоору боюнча коомдук талкуу 24-25-декабрда өтөрү айтылды. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
