ru24.pro
World News
Октябрь
2025

Касымалиев административдик ресурсту колдонууга жол берилбесин айтты

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумун өткөрдү.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, ачык-айкын өткөрүү үчүн шарттарды түзүү талкууланды.

“МинКаб Төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо менен уюштурууга кепилдик берерин, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи”, - деп айтылат билдирүүдө.

Республикалык штабга шайлоо өнөктүгүн уюштуруу боюнча тийиштүү органдарды жума сайын көзөмөлдөө тапшырылды.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талабв өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (TSh)