Журналист Алым Токтомушевдин макалалар топтому китеп болуп чыкты
Журналист, публицист, акын жана котормочу Алым Токтомушевдин публицистикалык макалалары жана маектери "Жолбүгүн" деген аталышта китеп болуп чыкты. Бул тууралуу маркум журналисттин шакирти, китептин түзүүчүсү Аскер Сакыбаева билдирди.
Топтомго Токтомушевдин “Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, “Агым”, “Алас” гезиттерине жарыяланган макала-маектери киргизилди.
Сакыбаева маркум журналисттин макалалары көп экенин, китептин көлөмү чоң болуп кеткендиктен материалдардын кызыктуулары жана актуалдуулары тандалып алынганын айтты. Ал китеп студенттер үчүн эле эмес, журналисттер, тарыхчылар, филологдор жана башка тармактагы изилдөөчүлөр үчүн да булак болуп каларын белгиледи.
Китеп "Имак офсет" басмаканасында басылды. 500 беттен турган эмгек 500 нускада жарык көрдү.
Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 2014-жылдын 24-июлунда 67 жаш курагында каза болгон.
Журналист узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары”, "Ачылбаган дүйнө" жана “Балдарга базарлык китеби” аттуу китептери жарык көргөн. Токтомушев Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган. (ErN)