ru24.pro
World News
Июнь
2025

Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы Шанхай фестивалында “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алды

0

Режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кабарлады.

Кинофестиваль 13-22-июнь күндөрү Кытайдын Шанхай шаарында өттү. Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Тасмада килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Фильм сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрүн чагылдырат.

Шанхай эл аралык кинофестивалы - Кытайдагы эң чоң кинофестиваль. Ал биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлүп, анда 33 өлкөдөн 167 тасма көрсөтүлүп, 300 миңден ашык көрүүчү катышкан. (BTo)