"Стамбул аэропортунан кармалган бойдон дайынсыз". "Маарифтин" мугалими кайда?
Тышкы иштер министрлиги “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун лицейинин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Буга чейин жакындары ал Стамбулда кармалгандан бери дайынсыз экенин айтып бийликке кайрылган. Айрым депутаттар муну сындап, мугалимди алып келүүнү талап кылууда.
