ru24.pro
World News
Март
2025

Өкмөт чакан бизнес патент системасына кайтарын билдирди

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматка киришкендеги 100 күнү тууралуу “Слово Кыргызстана” гезитине маек берип, экономика, салык системасы тууралуу да комментарий берди.

“Биз салык механизмдерин, анын ичинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) колдонуу тартибин карап чыктык. Негиз болсо, өзгөчө чакан бизнесте патенттик системага кайтабыз. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда адал эмгек менен үй-бүлөсүн багып жатканын түшүнөбүз. Өкмөттүн алардын жашоосун оорлотуу максаты жок”, - деди ал.

Жаңы салыктык реформалардын алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенген ишкерлер ККМдин киришине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн. (BTo)