ru24.pro
World News
Март
2025

Лондондогу Хитроу аэропорту өрттөн улам бир суткага жабылды

0

Лондондогу эң чоң Хитроу аэропорту электр энергиясы менен камсыз кылган көмөк чордонундагы (подстанция) өрттөн кийин иштебей калды. Миңден ашуун каттам токтотулуп, кийинкиге жылдырылып же башка багытка жөнөтүлдү.

Аэропорттун расмий сайтынын маалыматына караганда, ал ишин ишемби түн ортосуна чейин жандантпайт. Өрттүн себеби азырынча белгисиз.

Хитроу – Европадагы эң чоң аэропорттордун бири.

Подстанциясындагы өрт 21-мартка караган түнү тутанган. Жергиликтүү тургундар станция аймагында жарылуунун үнү угулуп, андан соң электр жарыгы жапырт өчкөнүн билдиришти. Болжол менен 200 миң адам жарыксыз калган. Кийинчерээк электр энергия менен камсыздоо жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Британиянын энергетика министри Эд Милибэнд "Би-би-си" дүйнөлүк кызматына билдиргендей, өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

"Бул, албетте, болуп көрбөгөн окуя", – деди министр. Ошол эле учурда, анын айтымында, өрт атайын уюштурулган диверсия болушу мүмкүн деген белгилер жок.

Айрым маалыматтарга караганда, өрттүн себебин иликтөөгө Лондондун полициясынын контртеррордук бөлүмү да катышат.

"Би-би-си" белгилегендей, Хитроу аэропорту 15 жылдан бери биринчи жолу толугу менен жабылды. Акыркы жолу мындай кырдаал 2010-жылдын жазында, Исландиядагы вулкандын атылышынан улам жаралган.