ru24.pro
World News
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстан жана Тажикстан президенттери "Ынтымак ордодо" жолугушууда

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын жолугушуусу 13-мартта Бишкекте, "Ынтымак ордодо" өтүп жатат.
Тараптардын кеңири форматтагы жолугушуусунун башында журналисттердин катышуусунда президенттер сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен достук жана коңшулук мамилени өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, эки өлкө эзелки тарыхы, салт-санаа жана маданият жаатында тыгыз байланышта экенин белгиледи. Ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелерде да позициясы окшоштугун айтты.

Садыр Жапаров күн тартибиндеги негизги маселе - 13-мартта кол коюлары күтүлүп жаткан документтер эки өлкөнүн досук-ынтымагын, кызматташтыгын, соода алакасын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи:

"Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын натыйжалуу ишин өзгөчө баса белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге кол коюу - эки өлкөнүн эли тарабынан да, дүйнөлүк коомчулук тарабынан да кубануу менен кабыл алынуучу тагдыр чечээр, тарыхый окуя болуп каларына ишенем. Бул кадам эки өлкөнүн гана эмес, жалпы Борбор Азия аймагынын коопсузугу, туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн эбегейсиз салым болот", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров ошондой эле Нооруз майрамын Тажикстандын Кожент шаарында өткөрүү сунушуна терең ыраазычылыгын айтып, кабыл алганын билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз, тажик элдери эзелтен коңшулаш, ынтымакта жашап келе жатканын кошумчалады. Документтерди кол коюу менен эки өлкөнүн жаңы мамилелеринин чек арасы ачыларына ишеничин айтты. Бул келишимдер эки өлкөнүн достук-ынтымагына өбөлгө болорун белгиледи.

Эмомали Рахмон Нооруз майрамын Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын мамлекет башчылары чогуу өткөрүү сунушун кыргыз тарап кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Тажикстандын президенти сөзүнүн аягында журналисттер үчүн маалымат бүткөнүн ишара кылган соң тараптар жабык сүйлөшүүгө киришти.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин чек арадагы эки өткөрмө бекети кайра ачылат деп күтүлүп жатат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.(ZKo)