Сот Сокулукта таза суу талап кылып камалган эки жаранга кенемте төлөө чечимин чыгарды
Мамлекет суу маселесинен улам эки айдан ашык камакта кармаган эки жаранына кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди. 6-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Сокулуктун Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып 68 күн камакта жаткан Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго моралдык чыгым катары 500 миң сомдон өндүрүп берүү чечимин чыгарды.
Бул тууралуу 6-мартта “Азаттыкка” алардын адвокаты Агзам Дүйшөналиев билдирди.
Адвокаттын сөзүнө караганда, алар убактылуу кармоочу жайда эки күн, Бишкектеги №1 тергөө абагында 66 күн мыйзамсыз кармалып турган.
Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигин (ИИМ) Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 500 миң сомдон берүүнү милдеттендирди.
Адвокат ИИМ менен Финансы министрлиги райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданарын билдиргенин айтты.
2023-жылдын июль айынын башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.
Нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини милиция ошол эле жылы 15-июлда суракка чакырган. Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган.
Үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” беренелери менен айып тагылган.
2023-жылы 20-ноябрда Сокулук райондук соту шектүүлөрдү “Бейбаштык” беренеси менен актап, “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Эртай Искаковго 50 миң сом айып пул салынып, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов 100 күндүк коомдук жумушка тартылган.
Кийин аларды Чүй облустук соту актап, 2024-жылы 25-сентябрда Жогорку сот ал чечимди күчүндө калтырган. (BTo)