ru24.pro
World News
Март
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда 1548 калктуу конуштун башкы планын даярдоо кечикти

0
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Кыргызстанда 147 калктуу конуштун, анын ичинде алты шаардын - Кара-Балта, Кемин, Өзгөн, Каракол, Балыкчы, Базар-Коргондун башкы пландары иштелип жатканын билдирди. Бирок каражаттын жоктугунан дагы 1548 калктуу конуштун башкы планын даярдоо кечигип жатканын кабарлады.


Ушундан улам алардын башкы планын иштеп чыгууну 2030-жылга чейин узартууну сунуштады. 2017-жылы кабыл алынган токтомго ылайык өлкөдө калктуу конуштардын башкы планы 2025-жылы бүтүшү керек болчу.


Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бирок ал үчүн жыл сайын бюджеттен 50 млн сомдон кем эмес каражат бөлүнүшү зарыл экенин кошумчалады. Ага ылайык, 2018-жылы 50 млн сом, 2019-жылы 41 млн 100 миң сом бөлүнгөн. 2020-жылы акча каралбай калып, 2021-жылы кайра 50 млн сом бөлүнгөн.


2022-жылы өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилип, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 2022-2025-жылдары жыл сайын кеминде 300 млн сом бөлүү тапшырмасы берилген. Бул каражат 2023-2024-жылдары бөлүнгөн. Министрлик 2026-2030-жылдары калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга жана топографиялык сүрөттөрдү даярдоого жалпы 2 млрд 400 млн сом керек экенин билдирди. (BTo)