“Кастет, бычак көтөрүп жүрөт экен”. Балдар арасындагы зомбулук
Соңку бир айда эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын ур-токмогунан көз жумганы айтылды. Бул ирет "Азаттыктын" "Эже-сиңдилер" программасында өспүрүмдөр арасындагы зомбулук себептерин, алдын алуу жолдорун талкуулайбыз.