Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы зомбулукту токтотуу жолдору талкууланды
28-февралда Бишкек шаарында “Адвокат жана коом” аттуу талкуу өткөрүлүп, анда мектеп рэкетчилиги, бейбаштык жана балдар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу жолдору талкууланды. Адвокаттар уюштурган иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү жана адвокаттар катышты.
Анда жактоочулар мектептерге барып, окуучуларга ачык сабак жана лекция өткөрүү жолдору талкууланды. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн жабык мекемелерге экскурсия уюштуруу маселеси каралды.
Соңку апталарда Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар катталууда.
Соңку бир айда эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылды.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган. Алардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салганын айтып чыгышкан. (MKt)