ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Милиция каржы шылуундугуна шектүү кармалганын маалымдады

0
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 65 миң доллар каржы шылуундугуна шектелип бир киши кармалганын билдирди.


Милицияга арыз менен кайрылган жаран Телеграмда Newmar Group деп аталган канал фондулук биржага инвестиция кылат деп ишендирип, 65 миң долларды алдап алышканын билдирген.


Факт боюнча милиция Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 30 жаштагы кишини кармады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.




Шектүүнү тинтүү учурунда 32 кутучасы бар сим-бокс аппараты (бир нече симка иштетүүчү жабдуу) банк карталары сыяктуу жабдыктар алынган.


Кыргызстанда соңку учурда ар кандай каржылык шылуундардын торуна түшкөндөрдүн окуялары көп катталууда. Ички иштер министрлиги тез арада ири киреше табууну убада кылган каржылык схемаларга акча салбоого чакырып келет. (TSh)