ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

ЖАК Махабат Тажибек кызына коркутуу болгонун төгүндөдү

0
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызынын өмүрү абакта коркунучта экени жөнүндөгү билдирүүсүн төгүндөдү.


ЖАКтын 19-февралдагы маалыматында белгиленгендей, Темиров айтып жаткан соттолуучу аял №2 аялдар абагында катаал шартта, Махабат Тажибек кызынан өзүнчө жайда кармалат.


“Азыркы учурда соттолуучу Тажибек кызы Махабаттын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок. №2 мекеменин администрациясына ал башка соттолуучулардын мыйзамга ылайык эмес аракеттери жөнүндө кайрылган эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.


ЖАК абактагылардын коопсуздугуна мыйзамга ылайык шартта көңүл буруларын белгиледи.




Соттолуп, өлкөдөн чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал жубайынын абактан жазган каты делген сүрөттү да жарыялаган. Катта абакта чогуу отурган аял аны "өлтүрөм", "ууландырам" деп коркутканын жазган.


Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаар соту өкүмдү күчүндө калтырган. Ошондон кийин Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн. Өзү коюлган айыптардын баарын четке кагып келет. (TSh)