ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

АКШда Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашуун мигрант Панамага депортацияланды

0
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын  New York Times жана Reuters жазды.


Маалыматта 12-февралдын кечинде Калифорниядан чыккан Кошмо Штаттардын аскердик-аба күчтөрүнүн учагында 119 киши болгону, алардын арасында Өзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Түркиядан барган үй-бүлөлөр бар экени айтылган.  


Панаманын президенти Хосе Раул Мулино мигранттардын өлкөгө барганын ырастап, алар убактылуу жатаканаларга жайгаштырылганын айтты. Кийинчерээк Колумбия менен чектеш Дариен провинциясындагы баш калкалоочу жайга жеткирилген. Андан ары алар АКШ каржылаган аба каттамдары менен өз өлкөлөрүнө кайтарылат.


Мигранттарды кайтаруу жараяны БУУнун Эл аралык миграция уюмунун көзөмөлү менен ишке ашууда. Бул - Панама менен Американын ортосунда түзүлгөн башка өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу депортациялоо тууралуу келишимден кийин аткарылган биринчи каттам. 


Мулино АКШ Панамага жалпы  360 адамды депортациялай турганын кошумчалады. Аскердик учактар дагы эки жолу мигранттарды алып келери күтүлүп жатат. Кайсы күнү келери азырынча белгисиз. 


Панаманын Тышкы иштер министрлиги мигранттар АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөндө кармалганын, алардын соттуулугу жок экенин билдирди. 




Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга барган чет элдиктер, анын ичинде борбор азиялыктардын саны арбыган. Алар мындай кооптуу жол менен Мексикага жетип, ал жерден CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.


2025-жылдын 20-январында президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган. Натыйжада АКШ Мексика менен чек арасына миңдеген аскер жайгаштырып,  дубалга тикенек зым орнотулуп жатканы кабарланган.


АКШнын өзүндө мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортациялар күч алууда. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.


Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.