ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жумгалда өспүрүмдөр чатакташып, бири жараат алганы кабарланды

0
13-февралга караган түндө Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары А.Н жана И.Т. чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.


Мекеме билдиргендей, 13-февралда 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынан милициянын 102 кызматына денесинен жаракат алган 2009-жылы туулган И.Т. аттуу өспүрүм түшкөнү тууралуу кабар барган. Окуя тууралуу маалымат Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.



Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу ооруканага барган учурда өспүрүм Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин 10- классынын окуучусу экени аныкталган. Жабыркаган бала өзүнүн А.Н. аттуу классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген. 



ОИИБдин маалымдашынча, жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси факт боюнча арыз жазуудан баш тарткан.



Тийиштүү деңгээлде алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн Жумгал РИИБдин беш кызматкери тартиптик жазага тартылды.


Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.



22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.



21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.



12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.



8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин, ал ооруканада экенин облустук милиция билдирди.




Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.


Кырдаалдан улам 14-февраль күнү жолугушуу өткөргөн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү чечимине келишти.



ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айткан, милиция мындай версияны четке каккан.(ZKo)