ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши тууралуу комментарий берди

0
Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.


Ал 12-февралда “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берип, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы дээрлик такталып бүткөнүн айтты.


“Чын эле жол жана суу объектилери боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи ал деле бүтүп калган. Чек арага жакын жайгашкан жол, суу боюнча сөз болуп атса керек”, - деди ал.


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин шейшембиде маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы такталганын, жол жана суу объектилеринин маселеси талкууланып жатканын айткан.


Башкы дипломаттын сөзүнө караганда, Ворух жана Исфара ортосунда жол салуу, “суу объектилерин пайдалануу” боюнча маселе талкууланып жатат. Ал “суу объектилерин колдонуу кандай уюштурулары чечилүүгө тийиш” деп кошумчалаган.




2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 11-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айткан. Бирок азырынча ал парламентке түшө элек.


Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду” деп айткан.


Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo/TAb)