ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Өкмөт соода логистикалык борборлорду, кампаларды курууга 40 млн доллар насыя алды

0
Кыргыз өкмөтү кайра иштетүү тармагын жандандыруу максатында соода логистикалык борборлорду, азык-түлүк сакталчу кампаларды, муздаткычтарды куруу үчүн “Азия өнүктүрүү” банкы аркылуу 40 миллион доллар насыя алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Анда каражат фермерлерге эмес, бирикмелерге курулуш үчүн берилерин, аны “Айыл банк” аркылуу алса болорун маалымдады.


Быйыл жыл башынан тартып "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү колдоо" долбоору ишке кирген.


Былтыр сентябрда Төрөбаев ​майда дыйкан чарбаларды кооперативдерге бириктирип, ирилешүү болорун билдирген. Бул багытта атайын план-программа иштелип чыкканын, ага ылайык, 2030-жылга чейин чакан чарбаларды 400дөн ашык кооперативге бириктирүү каралып жатканын маалымдаган.


Аталган министрликтин маалыматына ылайык, учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миңден ашык гектар жер бөлүп берилген. Кооперативдерге “Айыл чарбасын каржылоо-12” жана “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилген.