ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Садыр Жапаров Кытай менен товар жүгүртүү 22 млрд доллардан ашканын айтты

0
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барар алдында бул өлкөнүн “Синьхуа” маалымат агенттигине маек курду. Анын тексттин Кыргызстандын президентинин администрациясы жарыялады.


Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мамлекеттер ортосунда саясий ишеним жогорку деңгээлде экенин ырастап турурарын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” жана “Бедел” өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу тууралуу пикирин билдирген. Ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасы боюнча суроого да жооп берген.


“Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”, - деди президент.


Садыр Жапаров 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапары менен болот. Бул мамлекеттик сапар Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканы айтылган.


Сапардын алкагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталан биргелешкен декларацияга жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.


Садыр Жапаров 2025-жылы биринчи чет өлкөгө сапарын Кытайга жасаганы турат. Бул сапар соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө. 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилген. Ага чейин кыргыз өкмөтү кытай компаниялары менен чогуу Чүй облусунда 700 гектар аянтты ээлей турган Манас соода-логистикалык шаарын курарын жарыялаган. (BTo)