ru24.pro
World News
Февраль
2025
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК Эсеп палатасынын башкы инспектору пара менен кармалганын маалымдады

0
Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча, Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 1-февраль күнү ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалган.


“Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.


Маалыматта айтылгандай, Эсеп палатасынын инспекторлору 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүзгөн.


Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылган маалыматта.(KbA)