ru24.pro
World News
Январь
2025

Кыргыз жарандарынын Орусия аэропортунан өткөрүлбөгөн себеби айтылды

0
Кыргызстандык жарандардын айрымдары Орусиянын аэропортторунда чек ара көзөмөлүнөн өтө албай, артка кайтарылып жаткан себеби коопсуздук маселесине байланыштуу болууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 31-январда Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" тобунун биргелешкен жыйынында маалымады.


Ал Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) учурда Орусияга учуп барып, бирок аэропорттон кайтарылган кыргызстандык жарандардын санын тактап жатканын билдирди:



"Чек арачылар жарандын тышкы көрүнүшүнөн тартып телефонундагы диний мүнөздөгү видеолорго чейин көңүл бурушат. Биз эми мусулманбыз да, жарандарыбыздын телефондорунда түрдүү видеолор болуп калышы мүмкүн. Орусиянын чек арачылары ушундан улам терроризм тобокелчилигинен кооптонуп, ал жарандарды өткөрбөй койгонун айтышкан".



Имангазиев ТИМ бул маселени Орусия тарап менен бир нече ирет талкуулаганын кошумчалады.



ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 29-январдагы маалымат жыйында Кыргызстандан барып, аэропорттон кайтарылган жарандарды Орусия тарап "коопсуздук үчүн жагымсыз адамдар" деген жүйө менен кое беришпегенин билдирген.


Орус бийлиги соңку учурда миграциялык талап-эрежени катаалдатып, текшерүүнү күчөтүп жатат. Москвага учуп барган мигранттарды эч себепсиз киргизбей, аба майдандан эле кайтарган учурлар көбөйгөн.




ТИМдин маалыматына караганда, 2025-жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган. Ошол эле учурда 2024-жылы Орусияга 656 304 кыргызстандык кирсе, 685 228 жаран чыкканын Орусиянын ИИМи билдирген.(ZKo)