ru24.pro
World News
Январь
2025

Кытайдын DeepSeek программасы технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды

0
Кытайдын DeepSeek компаниясы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын ойлоп тапканын жарыялаган соң 27-январда дүйнөлүк технологиялык гиганттардын акциялары кескин түшүп кетти. Маселен, жасалма интеллект долбоорлору үчүн чиптерди чыгарган Nvidia компаниясынын акциялары 14,4% төмөндөдү.


DeepSeek жаңы долбооруна америкалык компанияларга салыштырмалуу кыйла аз каражат - 5,6 млн доллар коротконун билдирди. Бул америкалык компанияларды нес кылды.


Анткени өткөн аптада эле "Мета" компаниясы жасалма интеллекти түзүүгө 65 млрд доллар саларын жарыялаган. Ал эми OpenAI ишканасынын башкы директору Сэм Альтман бул тармак триллиондогон доллар инвестиция талап кыларын өткөн жылы билдирген.


Бир нече күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп жакында жасалма интеллект багытындагы 500 млрд долларлык ири долбоор башталарын жарыялаган.




Трамптын тарапташы, технологиялык долбоорлорго ири инвестицияларды салганы менен таанымал Марк Андерсен DeepSeek тууралуу X социалдык түйүнүнө "өмүрүмдө биринчи жолу көргөн эң таң калыштуу жана таасирдүү алдыга озуп чыгуу" деп жазды.




Адистердин айтымында, Кошмо Штаттар бир нече жылдан бери улуттук коопсуздук маселесинен улам Кытайга жасалма интеллект үчүн чиптердин жеткирилишин чектөөнүн үстүндө иштеп келет. Байкоочулар мындан улам DeepSeek өз долбоорун арзан чиптер менен ишке ашырган болушу мүмкүн деген ойдо.  


DeepSeek 27-январдын таңында App Store тиркемесинен эң көп жүктөлгөн программалардын сап башына чыкты.