ru24.pro
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Президент Жапаров Кыргызстанда туризмге көңүл бурулбай келгенин айтты

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда буга чейин экономикага, туризмге көңүл бурулбай келгенин жазды. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен түшкөн сүрөтүн койду. Жапаров коңшу өлкөнүн “Амирсой” лыжа базасын көрүп, суктанганын белгилеген.


“Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе. Эмне үчүн дегенде көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган”, - деген президент.




Жакында президент Садыр Жапаров Орусиянын Алтай аймагындагы жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин айткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына келечекте Ысык-Көлдө Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирип, ушундай лыжа базасы салынарын жазган.


"Үч чоку" долбоорунун биринчи этабында 2030-жылга чейин 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол куруу пландалган. Мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар жана эс алуу жайларын камтыган комплекстүү инфраструктура түзүлөт.




Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров 7-июнда Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ал туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү менен алектенери айтылган.


Анын алкагында франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Ысык-Көл облусундагы үч - Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук тоо чокуну камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатканы белгиленген. Долбоордун наркы 165 млн евро деп бааланган. (КЕ)