ru24.pro
World News
Январь
2025

Тоңдо 45 жаштагы аял төрөт үйүндө каза болду

0
21-январга караган түнү саат 03:45те Тоң райондук милициясына аталган райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгонун маалымдашкан.


Текшерүү учурунда каза болгон аял 40 жумалык кош бойлуу болгону, 20-январда саат 23:00 чамасында ичи ооруп, райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө кайрылганы, текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылганы аныкталган.


21-январга оогон түндө саат 2:00 чамасында дааратканага барып, кайтып келе жатканда өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыт ичинде көз жумган.



Райондук ички иштер бөлүмү бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындаган, тергөө иштери улантылууда.



Бул маалымат боюнча Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.



Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын алты айында 24 аял төрөттөн каза болгонун кабарлаган. Толук жыл боюнча маалымат азырынча жок.




2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн көз жумган. (KS/ZKo)