Газа: Ооруканага чабуул болду, израил өкмөтү тынчтык келишимин талкуулай баштады
Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашуу Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет. Айрым маалымат каражаттары ок атышууну токтотуу макулдашуусу 20-январда күчүнө кириши мүмкүн экенин жазышты. Газада соңку эки күндө кеминде 100 кишинин өмүрү кыйылды.