ru24.pro
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК төрагасы Кыргызстанда эрежесиз урушка тыюу салууну сунуштады

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эрежесиз мушташты жана машыгууларды өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал 1-январдын кечинде Фейсбукка чыгарган кайрылуусунда билдирип, мушташтын бул түрүнүн айынан көп жарандардын ден соолугуна зыян келип, майып болуп калган учурлар бар экенин белгилеген.


“Эрежесиз уруштар бир эле ошону менен алектенген адамга эмес, келечек муунга зыян берип, жалпы коомдун туура эмес жакка кетүүсүнө багыт берип жатат. Келечектеги муундар күчтүү болсок, бирөөнү урсак же мушташсак жакшы болот экен деген ойдо калып жатат. Андай эмес. Илимдүү-билимдүү болушубуз керек. Спортчу болгусу келгендер туура спорт түрлөрү менен машыгышы керек”, - деди Ташиев.


Атайын кызматтын төрагасы Улуттук олимпиада комитетине жана федерацияларга, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, бул жаатта иш алып барууга чакырды.


Ташиев мамлекеттик мекемелерди жаңы жылды майрамдоодо салют-фейерверк атууну токтотууга жана кызматкерлерин майрамдык корпоративдерди өткөрүүдөн баш тартууга үндөдү. Бул иш-чараларга кеткен чыгымды муктаж адамдарга жумшоону сунуштады.




Ошондой эле жаңы жылдык куттуктоону жарыялоодо тартип болушу керектигин айтып, ар кайсы министрлер жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары да социалдык тармактар аркылуу элди куттуктап жатканын сынга алды. Ташиевдин пикиринде, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана Министрлер кабинетинин башчысынын куттуктоолору жалпы өкмөттүк мекемелердин атынан айтылган болот.


Соңку учурда Кыргызстанда эрежесиз мушташка кызыгуусу арткандар көбөйгөнү байкалат. Атайын ушул багыттагы машыгуу жайлары көбөйүп, эрежесиз мушташ мелдештери утур-утур уюштурулуп турат.


Мындан тышкары эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон мушкерлерди бийлик өкүлдөрү да кабыл алып, ар кандай сыйлык-белектер тапшырылган учурлар да бар.