Эки жылда коррупцияга тиешеси бар 122 бажычы кызматтан алынды
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ал жетектеген мекемеде коррупция азайганын, бирок толук жоюла электигин билдирди. Бул тууралуу ал 30-декабрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты.
“Мурдатан бери коррупциялык иштерге тиешеси бар, ошол схемада жүргөн 88 кызматкерди 2023-жылы жумуштан кетиргенбиз. 2024-жылы 34 кызматкер бажы органдарынан кызматтан бошотулуп, кээ бирлерине кылмыш иши козголгон”, - деди ал.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев буга чейин “Азаттыкка” курган интервьюсунда бажы тармагынан четтетилген 122 адамдын кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевге жана мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун схемасына тиешеси бар экенин айткан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салган. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.
2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)