ru24.pro
World News
Декабрь
2024

“Адам өлүмү болбоптур”. Президент абактагы окуялар тууралуу пикирин айтты

0
Президент Садыр Жапаров абактардагы соңку окуялар тууралуу комментарий берип, камактагыларды тартипке келтирүү үчүн тинтүү иштери жүргөнүн жана анда киши өлүмүнө алып келген жагдайлар болбогонун билдирди. Ал жакынкы жылдары түрмөлөр оңдолуп, соттолуучуларга шарт түзүлөрүн да кошумчалады.


Он күнчө мурдараак Жаза аткаруу кызматында жетекчи алмашкан соң абакта жаткандардын бир тобу катуу сабалганы, алардын айрымдары каршылык иретинде ачкачылык кармаганы жарыяланган. Ортодо соттолуучулардын жакындары нааразылыкка чыгып, мекеме жетекчилиги маалыматты четке кагып келди.


“Каршылык көрсөткөндөрдү башынан сылабайт”


Мамлекет башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда бул ирет Кыргызстандын абактарында катталган соңку окуялардын чоо-жайына токтолду.


Журналист президент Орусияда иш сапары менен жүргөн маалда “абактарда атайын багыттагы кызматкерлер камактагыларды аёосуз сабаганы, телефондорду издеп, тинтүү кылганы, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганы” жөнүндө сөздөр тараганын айтып, анын чын-төгүнүн сурады.


Президент Садыр Жапаров тинтүү иштери жүргөнүн ырастап, бирок анда терс мүнөздөгү окуялар болгонун төгүндөдү:




“Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат. Мамлекеттик кызматтагылар көп алданышат экен. Алыс барбай менин айлана чөйрөмдөгү алданып калгандардан мисал келтирейин. “Сизди президент баланча кечеге чакырды. Баарыбыз баланча суммадан акча чогултуп жатабыз, тез арада кошо кал” деп эркиндикте жүргөн жакындарын же тааныштарын жиберсе 30 миң, 50 миң сомдон бере салган мамлекеттик кызматкерлер бар. […] Мындай алданып калгандар миңдеп саналат. Жалаң түрмөдө отургандар телефон чалып, алдап жана коркуткандар болуп чыгып атат. Ошол үчүн телефондорун тазалап жатышат. Ал эми баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек”, – деген ал.


Мамлекет башчынын интервьюсунда абактарды тинтүү маалында алынды делген ондогон телефондор тартылган тасма да жарыяланды.


Садыр Жапаров өз сөзүндө бул бирин-серин гана аракет эмес экенин, абактарды тартипке келтирүү аракеттери дагы уланарын белгиледи. Ал инвестициялык климатты оңдоо үчүн кылмыштуу чөйрө толук жоюлушу керектигин, буга чейин тыштагы криминал жок кылынса, эми абактардагыларга чара көрүлүп жатканын тактады.


“Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат. Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү. […] Азыр биз түрмөлөрдүн ичин толугу менен оңдоп-түздөп, өндүрүштүн түрлөрүн ачып берип жатабыз. Иш жакшы кетти. Буйрутмалар абдан көп. Түрмөдө отургандар иштеп акча табышсын. Сырттагы үй-бүлө, туугандарын кыйнап “тамак киргиз, кийим киргиз” дебестен, түрмөдө отуруп алып сырттагы үй-бүлө, бала-чакасына акча жиберип турушсун деп шарт түзүп берип жатабыз. Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз. Сыртта болсо иш көп. Мурдагыдай жумуш жок деген шылтоо түгөнгөн. Иштейм деген кишиге иш толтура. Криминал деген ниетти жок кылып, иштеп, ак эмгек менен жан баксаң, ошол адал болот, ошол жугуштуу, берекелүү болот”, – деди президент Садыр Жапаров маегинде.


Бир катар басылмалар жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары 20-декабрда №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) соттолуучуларды жана айыпталуучуларды жапырт тинтүү жана уруп-сабоо болгонун жазып чыгышкан. Ортодо башка абактарда да ушундай эле окуялар катталганы кабарланды.


Кээ бир маалыматтарда ал тургай уруп-сабоо маалында бир нече киши каза болуп калганын да айтылды. Абактагылар уруп-сабоолорго жана ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде ачкачылык кармап жатышканы да кеп болгон.




18-декабрда Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев кызматынан кетип, анын ордуна 39 жаштагы Чыңгыз Кожошевди дайындалган эле. Кожошев мурда Оштогу №25 (СИЗО-5) абактын жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенген.


Бул окуяларга байланыштуу камактагылардын жакындары 23-декабрда №21 тергөө абагынын алдына чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө да талап кылышты. Кийин соттолуучулардын жакындары кийин башка жерлерде да чогулду.




Иниси бийликти күч менен басып алууга шектелип, үч жылга кесилген Кубанычбек Кайназаров болсо Жогорку Кеңешке келип, депутаттардан көмөк сурады. Ал бир нече күн мурун абактардагы уруп-сабоолор тууралуу маалыматтардан кийин ал иниси үчүн кабатырланып жатканын “Азаттыкка” айтып берди:




"Ушу маселеде тили өтө турган, тиши өтө турган депутаттарга “сиздер дагы жок дегенде чоң жыйындарда алып чыксаңыздар” деп кайрылууларды алып келдим эле. Бул кылып атканы туура эмес. Ал жаңы жетекчи өзү спортчубу же спецназда иштегенби, андай чоң муштумдук менен жеңе албайт. Жакшы сөз менен, мыйзамдар менен, түшүндүрүү иштери менен баарын тартипке салса болот” – деген Кайназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда.


Эки ача маалыматтар


Тиешелүү маалыматтар чыгары менен эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта соттолуучулар жапырт сабалганын жана камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалыматты төгүндөп жатты. Мекеме башынан бери эле жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирип турду.


Деген менен Акыйкатчы институту 23-декабрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отургандардан кабар алып чыккан соң абакта 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын айтышканын билдирген. Маалыматта эки адам К.Д. (ред.: Кадырбек Досонов) жана Д.Ш. (ред.: Данияр Шүкүров) тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылганы баяндалган.


"Алардын айтымында, союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери - шишиген жана көгөргөн жерлери бар экени аныкталган. Жабырлануучулар - криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү. Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес. Тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", - деп билдирди Акыйкатчы институту.


№1 тергөө абагында уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана ысымы бар мүчөсү Кадырбек Досонов мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгонун кийин анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева да “Азаттыкка” ырастады.


Жаза аткаруу кызматы 24-декабрда Акыйкатчы институту тараткан бул маалыматтарды да четке какты. Ошол эле маалда мекеме Бишкек шаары жана Чүй облусундагы түзөтүү мекемелери менен убактылуу кармоочу жайларда отургандар арасында тинтүү жүргөнүн ырастап, мыйзамсыз жолдор менен пайдаланып келген 685 даана уюлдук телефонду, тыюу салынган буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүп беришкенин билдирген.




Мунун фонунда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жаңы дайындалган жетекчиси Чыңгыз Кожошев 24-25-декабрда Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагын (№1 тергөө абагын) жана №1, №3, №27, №31 колонияларды кыдырып, мекемелердин кызматкерлери жана соттолуучулар менен жолугуп чыкты.


Мындай маалыматты 26-декабрда мекеменин басма сөз кызматы таратты.


“Чыңгыз Кожошев Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен жолугушууда мыйзамды жана тартипти так сактоону эскертип, абактагылардын укуктарын сактоого чакырды жана коррупциялык аракеттерге жол берилбей турганын айтты. […] Ал ошондой эле соттолуучулар менен кездешүүдө абактардагы шарттарды жакшыртуу пландары жөнүндө айтып, алардын укуктары толук сакталарын убада кылды. Ошол эле маалда ал абакта жаткандарды жаза өтөөнүн тартиптерин толук сактап, мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө чакырды жана криминалдык түшүнүктөрдөн баш тартууга үндөдү. Кожошев соттолуучуларга абактардагы абалды туруксуздаштырууга аракет кылган бардык аракеттерге, кызматкерлердин талаптарына жапырт баш ийбөө жосуну катталса, аларды коркутуу же зомбулуктар көрсөтүү болсо, катуу чара көрүлөрүн эскертти”, – деп айтылды Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматында.


Маалымат Чыңгыз Кожошевдин мекеме кызматкерлери жана соттолуучулар менен жолугушууларынан тартылган сүрөт-видеолор менен коштолгон. Анда абакта камакта жаткандардын бардыгы бирдей форма кийип турганын көрүүгө болот.


Жаза аткаруу кызматынын билдирүүсүндө соттолуучулар абактагы шарт жана соңку окуялар жөнүндө айткан-айтпаганы жөнүндө жазылган эмес.


Маселе парламентте да көтөрүлдү


Тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайлардагы соңку кырдаал боюнча маселени 25-декабрда парламентте депутат Исхак Масалиев көтөрүп, соңку маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн тиешелүү органдарды чакырып, маалымат алууну сунуштады.




“Мына, бир топ күндөн бери абактарда кандайдыр бир окуялар болуп атат деген маалыматтар чыгууда. Тергөө абактарында, убактылуу кармоочу жайларда отургандарды сабаган деген маалымат чынбы, калппы, балким, ушул жыйындын аягына чейинби же эртеңки күнүбү, тийиштүү органдар бизге маалымат берип коюусун мен суранат элем. Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборунун өкүлдөрү да келип, маалымат берип коюшса болот эле”, – деди эл өкүлү.


Бирок ошол бойдон парламентте бул маселе козголбой калды жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү чакырылган жок.




Укук коргоо органдарынан Башкы прокуратура гана билдирүү таратып, Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) 20-декабрда катталган окуя боюнча текшерүү жүргүзгөнүн кабарлап, жакын арада Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилерин маалымдады.


Мурдагы Акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген интервьюсунда бул окуяларды мындайча баалады:




“Биринчиден, тергөө абагында жаткандардын көбү соттоло электер. “Күнөөсүздүк презумпциясы” деген түшүнүк бар, алардын күнөөсү соттон чечим чыкканга чейин далилденди деп эсептелбейт. Анан ал адамдарга криминалдарга жасагандай мамиле жасабаш керек. Экинчиден, криминалдарга каршы күрөштү элдин көбү, анын ичинде мен да колдоп жатам. Алардын өзүн бөлүп алып, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн өзүнө гана чара көрүү керек. Аларга катуу талаптарды коюп, телефондорун, же башка ошол сыяктуу мыйзамсыз нерселерди алып жүргөн болсо, ошолордун баарын алышсын, жазалашсын. Бирок аларга да кыйноо көрсөтпөй, ыдык көрсөтпөй, мыйзам чегинде чара көрүш керек. Алардын шары менен башка адамдарды да уруп-сабап, кыйнап салган болбойт. Соңку окуяларда Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу борбору “абактагыларды уруп-сабоо болгон, ачкачылык кармап жатышат” деп маалымат берүүдө. Бирок Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басарлары менен мен өзүм да жолугуп чыктым, алар мунун баарын четке кагууда. Бул жерде көбүрөөк Акыйкатчы институт менен борбордун маалыматына ишенсе болот, алар жалган айтышпайт. Бирок тилекке каршы алар маалыматты айтуу менен гана чектелип калып жатышат. Окуядан кийин үн катып калбай, алдын алуу иш-чараларын, эскертүү, коңгуроо кагуу жумуштарын толук аткара албай калууда. Алар күнүгө абактарда иштеп, мамлекеттик органдар четке какса далилдеп, фактыларды келтирип, бүт ушундай иштердин алдын алып туруш керек. Мамлекеттик органдар да “бөрк ал десе баш алган” саясатты коюп, соттолуучуларга катуу мамиле кылбаш керек. Адам укугу деген бар, тиешелүү декларациялар бар, мамлекеттин милдеттенмеси, Конституция бар”.


Президент Садыр Жапаров жана анын саясаттагы негизги өнөктөшү Камчыбек Ташиев бийликке келген соң Кыргызстанда криминал жана уюшкан кылмыштуулук менен кескин күрөшүүгө сөз беришкен. Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектей баштаган 2020-жылдын күз айларында “мындан ары Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ болбойт” деп билдирүү жасаган.


2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) дагы бир жолу кармоо операциясы өтүп, ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн. Камчы Көлбаев кармоого каршылык кылганы айтылган. 


Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды. Бул аракеттер дале уланууда.